
Лицейдеги балдар үчүн эң маанилүү практикалык иш окуу-материалдык базаны түзүү болду. Бул көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу-долбоорлор менен иштөө жана инвестиция тартуу. Бүбүсара ажикулованын жетекчилиги астында СПАнын жана АӨБдүн колдоосу менен чоң иштер аткарылган. Жаңы үлгүдөгү тигүүчү машиналар, Заманбап ширетүүчү аппараттар, тиешелүү шаймандар топтому, эки компьютердик цех, эки ширетүүчү цех, автомеханика лабораториясы, бардык заманбап жабдуулар менен жабдылган тигүү цехи, ашпозчулар цехи буга далил.