Ар кандай структуралык металлдардын тетиктерин ширетүү жана бириктирүү боюнча адис. Учурда ыңгайлуу ширетүүчү аппараттардын жардамы менен жумушту каалаган жерде ар кандай шартта аткарып, айына 30 000 сомдон кем эмес акча табууга болот. Бул кесип көбүрөөк чыдамкайлыкты жана талыкпаган эмгекти талап кылат.
Лицей бул кесипке 11-класстын базасында бюджеттик негизде 10 айлык окуу мөөнөтү менен кабыл алат. 1 жылдын ичинде студенттер план-графиктин негизинде өздөрү тандаган ишканаларда өндүрүштүк практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жетишкендиктерин өздөштүргөн окуучуларга 300 сомдон 400 сомго чейин стипендия каралган.